Министр А.Кожошев Лондондо өтүүчү Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция банкынын башкаруучулар кеңешинин жыйынына катышат

Новости
09-Май 2016-ж.
1870

2016-жылдын 10-12-майында Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция банкынын башкаруучулар кеңешинин жыл сайын өтүүчү жыйыны Лондондо өттү.

Бүгүнкү күндө Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция банкы – Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынан экономика министри Арзыбек Кожошев башкаруучу болуп эсептелген жалгыз эл аралык уюм.

Ушул жылы Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция банкынын түзүлгөнүнө 25-жыл болот. Ушуга байланыштуу, мааракелик датада банктын өткөн мезгилде жасаган ишинин жыйынтыктары чыгарылып, глобалдуу жана жергиликтүү рыноктордогу учурдагы кырдаал талкууланып, ошондой эле банктын келечектеги кызматташуу багыттары жөнүндө талкуу жүрөт.

Ошондой эле, Алдыдагы 25-жылга өзгөрүүлөрдү аныктайбыз” деген темада глобалдуу Бизнес-форум болуп өтөт. Бизнес-форумдун катышуучулары Европа биримдигинин мүчө-мамлекеттериндеги ири бизнес өкүлдөрү, Банктын өнөктөштөрү –жеке секторду инвестициялоо үчүн финансылык каражат берүүчү уюмдардын өкүлдөрү жана башкалар.

Бизнес-форумдун алкагында салтка айланган инвестициялык перспективалар боюнча сессия өтөт (өлкө күнү деп аталуучу), анда 10-катышуучу мамлекет иш-чаранын катышуучуларына өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентация көрсөтөт. Мурун Кыргыз Республикасы тарабынан инвестициялык перспективалар боюнча сессияга катышууга арыз берилип, банк тарабынан жактырылган.

Мындан тышкары, 13-майда министрлик, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинин көмөгү астында Улуу Британиянын ири жана орто бизнеси жана башка кызыктар тараптардын катышуусунда, Кыргыз-Британ Бизнес-форумун өткөрүүнү пландаштырууда. Форумдун максаты Улуу Британия жана Европа Биримдигинин башка мамлекеттеринен дараметтүү инвесторлорду табуу жана аларды кыргыз экономикасына тартуу үчүн натыйжалуу аянтчаны түзүү болуп эсептелет.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, Өкмөттүн тоо-кен өнөр жайы, туризм, энергетика тармактарында, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалары жөнүндө маалымат берет.

Форумдун жүрүшүндө катышуучуларга туристтик Кыргызстан жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө видеороликтер көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, Министрликтин өкүлдөрүнүн Улуу Британиянын эл аралык өнүгүү министрлиги жана Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция банкынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүү пландаштырылууда.

Маалымат үчүн: 2009-жылдан баштап Европа Өнүктүрүү Банкы Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жана башка кичи шаарларда инфраструктураны жакшыртуу боюнча долбоорлорду, суу менен камсыздоо тутумдарын, турмуш-тиричилик калдыктарын туура пайдалануу жана коомдук транспортту жандандыруу боюнча долбоорлорду инвестициялай баштаган.

Жеке компанияларды өнүктүрүү үчүн Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция банкы товарлардын өндүрүш көлөмүн жогорулатуу жана чет элдик рынокто атаандаштыкка туруктуу товар өндүрүүгө бизнес стандарттарды жакшыртуу жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу максатында жергиликтүү ишканаларды түздөн-түз каржылоону жүргүзүп келет. Финансы секторунда Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы өлкөдөгү жергиликтүү банктар менен микрофинансылык уюмдарды каржылап келүүдө.

Учурда банк 523 млн.евро суммасындагы 122 долбоорду ишке ашырды. Анын ичинде жеке сектордун үлүшү жалпы портфелдин 69% түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу