Инвестицияны илгерилетүү боюнча агенттик менен Эл аралык кичи ГЭС тердин борборунун ортосундагы Меморандумга кол коюлду

Новости
06-Май 2016-ж.
2019

Ушул жылдын 6-майында КР Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директорунун орун басары Адилбек уулу Шумкарбек Кичи ГЭС тер боюнча эл аралык борбордун генералдык директору СhengXialei менен КЭР Гуанчжоу шаарында Меморандумга кол коюшту.

Кичи ГЭС тер боюнча эл аралык борбор UNIDO менен Кытай Өкмөтүнүн биргелешкен аракети алдында калыбына келтирилүүчү энергия булактарын алга жылдыруу максатында, айрыкча бүткүл дүйнө боюнча кичи ГЭСтерди куруу үчүн түзүлгөн

Бул уюм кичи ГЭС терди глобалдык түрдө өнүктүрүүгө жана координациялоого жана долбоорлорду ишке ашырууга тренингдерди, консультацияларды, өткөрүү аркылуу жооп берет. Кичи ГЭС тердин эл аралык борбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташуу аркылуу кичи ГЭС терди өнүктүрүү боюнча стратегияны ишке ашырууга кызыкдар.

Бул Меморандумга кол коюу Адилбек уулу Шумкарбектин Кытайдын бизнес чөйрөсүнө, UNIDO нун штаб-квартирасынын, ошондой эле Эфиопия, Нигерия, жана Перудан келген катышуучуларга Кыргызстандын кичи ГЭС теринин улуттук потенциалын , презентациялоонун алкагында жүргүзүлдү. Эл аралык кичи ГЭС тер боюнча борбор менен UNIDO кичи ГЭС терди куруу долбоорлорунун ТЭН иштеп чыгуу, ошондой эле инвесторлорду тартуу менен каржылоо боюнча көмөк көрсөтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу