Министр А.Кожошев Тазабек онлайн-конференциясына катышты

Новости
06-Май 2016-ж.
1843

2016-жылдын 7-майында экономика министри Арзыбек Кожошев Тазабек онлайн-конференциясынын жүрүшүндө окурмандар тарабынан мурун берилген суроолорго жооп берди. Тактап айтканда, ЕАЭбге кошулуу, эл аралык сертификаттоо, кичи ГЭС тер, экономикадагы жылыштар, стратегиялык багыттар, Кыргызстан” СКЗ, экспорттук алымдар, заводдордун курулушу, энерго холдинг, социалдык, өнөр-жай секторлору, монополисттер, Кыргыз -Россия өнүктүрүү фонду, кыймылсыз мүлк рыногу, кичи шаарлардын бюджети, салыктык мыйзамдарды түшүндүрүү, ишкерлерди коргоо жана алардын көйгөйлөрү, ата-мекендик өндүрүүчүлөр. ж.б.

Экономикалык кырдаал жөнүндө маалымат берүү менен экономика министри Өкмөттүн жүргүзүп жаткан иш-аракеттеринин негизги багыттарын белгилей өттү: мүмкүн болгон бардык булактарды пайдалануу менен, анын ичинде Кыргыз-Россия инвестициялык фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен экономиканын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, экономикалык өсүү борбору катары таяныч шаарларды өнүктүрүү аркылуу аймактарды өнүктүрүү, социалдык милдеттенмелерди аткаруу үчүн бюджетти пландаштырылган киреше менен камсыз кылуу, Социалдык фонддун камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төмөндөөсүнө жол бербөө, социалдык кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, экспортту диверсификациялоо аркылуу ЕАЭБ ге кыргыз экономикасын интеграциялоо, тышкы соода саясатында либералдуулукту сактоо менен тышкы соода потенциалын жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана транзиттик потенциалды жогорулатуу, өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгын кыскартуу үчүн энергетикалык натыйжалуулукту камсыз кылуу менен ресурстарды үнөмдөө

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу