“Бир айыл-бир продукт” Ысык-Көл моделин республиканын башка аймактарга жайылтуу долбоору боюнча Протоколго кол коюлду

Новости
28-Март 2016-ж.
2460

2016-жылдын 25-мартында Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин базалык пландаштырууну изилдөөчү топ менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ортосунда ОСОП Ысык-Көл моделин республиканын башка аймактарына жайылтуу долбоору боюнча жыйындын протоколуна кол коюлду.

ОСОП жолу менен Ысык-Көл облусунда чакан бизнести алдыга жылдырууга JICA нын техникалык колдоосу астында мындан аркы иштин алкагында бул ыкманы республиканын башка аймактарына да жайылтуу каралууда.

Бул долбоор жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен өндүрүштү алга жылдырууга , ошону менен бирге айыл тургундарынын кирешелерин турукташтыруу менен аймактардын өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бир айыл-бир продукт” долбоорунун негизги жыйынтыктары чыгарылды. Ошентип, ОСОП долбоорунун алкагында Ысык-Көл бренд” комитети түзүлүп ишке кирди, ал аркылуу алгылыктуу делген продукция тандалып бааланат жана ОСОП өндүрүүчүлөрүн продукциянын сапатын жакшыртуу жана өнүктүрүүгө дем берип андан ары рынокко алып чыгууга дем берет.

Ошондой эле жамааттар(өндүрүүчүлөр тобу) өз алдынча аткара албаган функцияларды аткаруу үчүн, ОСОП Ассоциациясы түзүлдү. Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы болуп. Белгилүү бир өндүрүштүк көлөмдү камсыз кылуучу коллективдүү цехтер түзүлдү, жеткирүүчү точкалар кеңейтилди. 2012-жылдан тарта ички сатуу точкалары 4-төн 32-ге жетти . Бүгүнкү күндө продукциянын саны 800 түргө жетти. Ички келишимдердин саны 22-ге жетип, тышкы келишимдер -16 га жетти.

Сатуу көлөмү 2015-жылдыа 12,75 млн.сомду түздү, ал эми жалпы иш жүргүзүлгөн аралыкта 37,48 млн.сомду түзөт. Долбоордун алкагында 1500 дөн ашык адамды камтып, ар түрдүү өндүрүш тармагына адистештирилет, мисалы, кол өнөрчүлүк, жапайы жемиштер менен кургатылган жемиштерден кыям жана ширелерди өндүрүү, бал аары кармоо жана сүт продуктыларын өндүрүү.


ОСОП жолу менен Ысык-Көл облусунда чакан бизнести алдыга жылдырууга JICA нын техникалык колдоосу астында мындан аркы иштин алкагында бул ыкманы республиканын башка аймактарына да жайылтуу каралууда.

Учурда бул долбоорду алга жылдыруу алкагында Бишкек шаарында ОСОП борборун ачуу боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө. Борборду ачуунун негизги максаты Кыргызстандын айыл жергесиндеги экономикасын өнүктүрүүдө жергиликтүү продуктыларды алга жылдыруу аркылуу элдин аракетин бириктирүү.

Бишкектеги ОСОП борбору жергиликтүү сырьедон продукция өндүрүүчүлөргө жергиликтүү коомчулуктардын продукцияларын жакшыртуу боюнча маалыматтык жана консультациялык кызмат көрсөтөт. Ошондой эле, борбор продукцияны иштеп чыгуу боюнча, чекене сатууларды уюштуруу, бизнес байланыштарды жолго салуу боюнча көмөк көрсөтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу