Өнөктөш финансылык уюмдарды окутуу Нарында болот

Новости
03-Декабрь 2015-ж.
1976

2015-жылдын 3-5-декабрында Нарын ш. Борбор Азия Университетинде (Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби) «Гендердик талаптарды эске алуу менен ишкерлерди каржылоону өркүндөтүү» аттуу сынамык тренинг болуп өтөт.

Окутуу аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү максатында жүргүзүлөт. Катышууга Нарын областынын өнөктөш финансылык уюмдарынын өкүлдөрү, алардын ичинен «Бай-Тушум» банкы, «Айыл Банкы» жана Биринчи микрокредиттик компаниянын өкүлдөрү чакырылышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу