КР бажы кызматынын жана бажы брокерлеринин ассоциациясынын эксперттери бажы тобокелдиктерин башкаруу жана интеграцияланган чек ара көзөмөлү боюнча окутууга катышышты

Новости
07-Май 2024-ж.
826

Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында эл аралык соода борбору жана Евросоюздун финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Ready4Trade Central Asia" долбоорунун колдоосу менен бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын бажы брокерлеринин Ассоциациясынын эксперттери Азербайжандын Баку шаарында өткөн "Бажы тобокелдиктерин башкаруу жана интеграцияланган чек ара көзөмөлү: чакырыктар жана мыкты тажрыйбалар" темасы боюнча өз ара окутуу демилгесине катышышты.

Бажы тобокелдерин башкаруудагы жана интеграцияланган чек ара көзөмөлүндөгү мыкты тажрыйбаларга арналган иш-чарага Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Азербайжандын бажы администрацияларынын эксперттери катышышты, ал ошондой эле Транскаспий эл аралык соода жолу боюнча кызматташтыкты жакшыртууга жана байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү менен бажы органдарынын ортосунда билим алмашууга жана байланыштарды түзүүгө өбөлгө түздү.

Эки күндүн ичинде өлкөлөрдүн делегациялары төмөнкү темалар боюнча презентацияларды сунушташты: тобокелдиктерди башкаруунун уюштуруу түзүмү; тобокелдиктерди максаттуу жана болжолдоо, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо критерийлерин белгилөө жана болжолдуу алгоритмдерди колдонуу; машиналарды үйрөнүү ыкмалары жана жасалма интеллект сыяктуу технологияларды жана инновацияларды колдонуу; эл аралык тажрыйба жана мыкты тажрыйбалар. Ошондой эле катышуучулар регионалдык деңгээлде кызматташуу жана координациялоо маселелерин талкуулашты. Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитети Европа менен Азиянын орто коридордогу глобалдык өз ара байланышында стратегиялык мааниге ээ болгон Баку Эл аралык деңиз соода портуна барууну уюштурду.

"Тобокелдиктерди башкаруу системасы бажы органдары тарабынан:

- бажы органдарынын компетенциясынын чегинде улуттук (мамлекеттик) коопсуздукту, адамдын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды камсыз кылуу;

- бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды табуу, болжолдоо жана болтурбоо".

Маалымдама:

"Ready4Trade Central Asia" – бул Европа Биримдиги тарабынан каржыланган жана улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта Эл аралык соода борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан төрт жылдык долбоор. Долбоор Борбордук Азиянын жалпы туруктуу жана инклюзивдик экономикалык өнүгүүсүнө регион ичиндеги жана эл аралык сооданы стимулдаштыруу аркылуу салым кошууга багытталган. Ready4Trade ЦА долбоорунун бенефициарлары Өкмөттөр, чакан жана орто ишканалар, атап айтканда аялдар жетектеген ишканалар жана бизнести колдоо уюмдары болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу