Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана Мунапыс берүү 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылат

Новости
30-Апрель 2024-ж.
1164

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги декларациялык кампаниянын мөөнөтүн 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартууну караган “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Азыркы учурда активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү көмүскө активдердин бир бөлүгүн легалдуу жүгүртүүгө чыгарууга мүмкүндүк берет, бул анын натыйжасында легалдуу экономикалык жигердүүлүктүн жогорулашына алып келет.

"Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана Мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуунун максаты жеке жактардын өздөрүнө таандык активдерин,  анын ичинде декларациялоо учуруна карата абал боюнча башка жактарга номиналдуу таризделген жана/же КР чегинен тышкары турган активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу, КР экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүү; көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу; активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин аталган Мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин орун алышы мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн КР мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоолордон коргоо болуп саналат.

Алсак, азыркы учурда декларациялык кампаниядан өткөн 2000дей декларант бар, ошондой эле мамлекеттин бюджетине декларациялык төлөм түрүндө каражаттар түшүүнү улантууда, бул, албетте, мамлекеттик бюджет үчүн оң фактор болуп саналат.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү толук көзөмөлдөө механизмдерин түзүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ошентип, ар кандай чаралар көрүлүүдө, мисалы, ченемдик укуктук актылар менен накталай эмес эсептешүү үчүн шарттар түзүлөт, патенттин негизиндеги иш алынып салынат, бул өз кезегинде салык төлөөчүлөрдүн олуттуу саны патенттин негизинде иш жүргүзгөндүгүнө байланыштуу, алар боюнча иштин эсебин жана ачыктыгын байкоо кыйын, эреже катары төлөөчүлөрдүн иш жүзүндөгү жүгүртүүлөрү алар тарабынан билдирилген жүгүртүүлөрдөн олуттуу өлчөмдө  көп.

Орун алган мыйзам бузууларды четтетүү максатында, анын ичинде мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын активдүү интеграциялоо жүрүп жатат, бул экономикалык операциялардын байкоо жүргүзүүсүн синхрондоштурууга мүмкүндүк берет (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо системасы, мамлекеттик орган менен банк тутумунун ортосунда маалымат алмашуу ж. б.)

Легалдуу иш бардык бюджеттик түшүүлөрдүн негизин түзөт, ушуга байланыштуу "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" КР Мыйзамынын негизги милдети калкты жалпы декларациялоонун алкагында андан ары декларациялоо үчүн көмүскө активдерди мыйзамдуу жүгүртүүгө чыгаруу (бирдиктүү салык декларациясын берүү) болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жалпы декларациялоого өтүүнүн алдындагы даярдык этабынын бир бөлүгү болуп саналат.

Ошентип, аталган Мыйзамдын максаттарын, ошондой эле өлкөнүн экономикасын мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө чыгарууга багытталган чаралардын комплексин эске алуу менен мыйзам долбоору менен активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүн 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартуу сунушталууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу