КР менен Кипрдин ортосунда кош салык салуудан качуу тууралуу Макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн 2-раунду өттү

Новости
26-Апрель 2024-ж.
751

2024 жылдын 26-апрелинде видеоконференция режиминде Кыргыз Республикасы менен Кипр Республикасынын ортосунда кош салык салуудан качуу жана киреше салыктарына карата салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө Макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн 2-раунду болуп өттү.

Сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан КР экономика жана коммерция министрлигинин, КР Финансы министрлигинин, КР Тышкы иштер министрлигинин жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышышты.

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундунун жыйынтыгы боюнча тараптар жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбоорунун текстин макулдашышты.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы 37 өлкө менен кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууларды түздү.

Макулдашуулардын негизги максаты чарбакер субъекттердин кирешелерине ар кайсы өлкөлөрдөгү бирдей салыктар менен кош салык салууну четтетүү болуп саналат.

Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуулар республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу каражаты катары да каралаарын белгилей кетүү керек.

Мындан тышкары, Макулдашуулардын негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашкан мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык салуудан четтөөлөргө же Макулдашуулардын жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу