Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 100,0 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду

Новости
25-Апрель 2024-ж.
708

2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Баку шаарына мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 25,0 млн доллардан 100,0 млн долларга чейин көбөйтүү жөнүндө кошумча макулдашууга кол койду.

Фондду кошумча капиталдаштыруу Кыргыз Республикасындагы приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн фонддун финансылык ресурстарын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Фонд эки өлкөнүн ортосунда 2023-жылы Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, экономикалык эки тараптуу кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана арттыруу максатында түзүлгөн. Фонд агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, кен казуу жана металлургия өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка секторлор сыяктуу тармактарда каржылоо жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы өзүн актоочу долбоорлорду каржылоону ишке ашырат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу