Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда кош салык салууну болтурбоо боюнча келишимге кол коюлду

Новости
24-Апрель 2024-ж.
643

2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосунда киреше салыктарына карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Жогоруда аталган макулдашууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Азербайжан Республикасынын Экономика министри Микаил Джаббаров кол коюшту.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы, анын ичинде Азербайжан Республикасы кош салык салуудан качуу боюнча 37 өлкө менен келишим түзгөн.

Макулдашуулардын негизги максаты чарбакер субъекттердин кирешелерине ар кайсы өлкөлөрдөгү бирдей салыктар менен кош салык салууну четтетүү болуп саналат.

Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуулар республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу каражаты катары да каралаарын белгилей кетүү керек.

Мындан тышкары, макулдашуулардын негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи Макулдашкан мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык салуудан четтөөлөргө же макулдашуулардын жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу