Министрдин орун басары Н. Малаев: Кыргызстанда экспорттук көзөмөлдүн натыйжалуу системасы иштейт

Новости
24-Апрель 2024-ж.
599

2024-жылдын 24-апрелинде КР экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук тобокелдиктерди азайтуу жана коопсуздукту башкаруу боюнча программанын Борбордук Азия боюнча аймактык координатору Наризахон Усманова жана өлкөлөргө жардам көрсөтүү боюнча эксперт Лела Баканидзе максаттардын жана милдеттердин маселелерин, ошондой эле ХБРАнын алкагында ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылып жаткан долбоорлорду талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Н. Малаев Кыргызстанда экспорттук көзөмөлдүн натыйжалуу системасы иштеп жатканын белгиледи. Өткөн жылы кош багыттагы товарлардын Улуттук контролдук тизмеси актуалдаштырылган, "экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, бажылык башкарууда тобокелдиктерди башкаруу системасы жана кош багыттагы товарлардын акыркы пайдаланылышын эсепке алуу жана контролдоо механизми киргизилген. Мыйзам алдындагы актылар менен мындай товарларды ташып кирүүнүн, алып чыгуунун, транзиттин жана реэкспорттоонун уруксат берүү тартиби жана уруксат берүүчү документтерди берүүдө экспертиза жүргүзгөн мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби регламенттелген.

Ошондой эле тараптар химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук коркунучтарды азайтуу боюнча программанын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу