Бишкекте 21 - Эл аралык курулуш индустриясы - KyrgyzBuild - 2024 адистештирилген көргөзмөсү ачылды

Новости
23-Апрель 2024-ж.
700

2024-жылдын 23-апрелинде 21- Эл аралык курулуш индустриясынын адистештирилген KyrgyzBuild 2024 көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы болду.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Доктурбаевна Усенбекова иш-чаранын ачылышына катышкан.

KyrgyzBuild 2024 көргөзмөсүнүн алкагында атамекендик жана чет элдик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, жыйынтыгында атамекендик курулуш комплексинин потенциалын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө министрлик даярдыгын билдирди.

KyrgyzBuild 2024 – Кыргыз Республикасындагы курулуш тармагынын жыл сайын өтүүчү негизги көргөзмөсү болуп саналат жана Борбордук Азия регионундагы курулуш боюнча беш ири көргөзмөнүн катарына кирет.

Көргөзмөдө Россия Федерациясынын Омск, Липецк облустарынын, жана Пермь крайынын, ошондой эле дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн (Белорусия, Германия, Испания, Италия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Польша, Россия, Түркия, Өзбекстан, Украина, Түштүк Корея) 100-дөн ашык компаниялар жамааттык стенддерди уюштурушкан. 

 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу