Маалыматтык системанын прототибинин бет ачары болду

Новости
23-Апрель 2024-ж.
669

Соодага көмөктөшүү кеңешинин Катчылыгында «Улут Софт» программалык камсыздоону иштеп чыгуучу компаниясы «Темир жол менен жүктөрдү ташууну уюштурууга байланыштуу документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» 2-чакырык боюнча жумушчу топтун (тездеткичтер) иш-чараларынын алкагында темир жол транспортунда иштеген мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн маалыматтык системасынын прототиби менен тааныштырды.

Бул системаны пилоттук режимде ишке киргизүү 2024-жылдын 10-майына пландаштырылган.

Буга чейин жумушчу топтун мүчөлөрү «Аламүдүн-1» темир жол станциясында жеринде жыйын өткөрүп, поезддердин контейнерлерине (вагондоруна) карата мамлекеттик көзөмөлдүн формаларын кабыл алуу, кайра иштетүү жана жүргүзүү тартиби менен таанышкан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу