Быйыл Кыргызстанда CCIC филиалын ачуу пландалууда

Новости
22-Апрель 2024-ж.
618

2024-жылдын 22-апрелинде КР Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Назарбек Малаев менен Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы өкүлчүлүктүн Кытай инспекциясы жана сертификациялоо тобунун директору (ЕКУ) Сюй Вэньсянь менен жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда Кытай инспекциясы жана сертификациялоо тобунун филиалын ачуу маселесин талкуулашты.


Министрдин орун басары министрлик өлкө аймагында жүгүртүлүп жаткан продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн олуттуу аракеттерди көрүп жатканын, бул республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн да маанилүү экенин белгиледи.


CCIC филиалынын ачылышы Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосундагы өз ара соода көрсөткүчтөрүн жогорулатууга түрткү берет, компетенттүү мамлекеттик органдар жана ишканалар ортосундагы кызматташтык чөйрөсүн кеңейтет.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КРда филиал ачуу боюнча аракеттердин алгоритмин иштеп чыгууну чечишти.


Маалымдама:

China Certification & Inspection Group (CCIC) 1980-жылы негизделген, инспекция, экспертиза, сертификаттоо жана сыноо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү сертификаттоо жана инспекция боюнча үчүнчү тараптын көз карандысыз уюму болуп саналат. Кардарлардын арасында нефтехимия, химия, тоо-кен, айыл чарба, өнөр жай, эл керектөөчү товарларды өндүрүү, тамак-аш, автомобиль, курулуш, логистика, чекене соода жана башка негизги тармактар сыяктуу ишканалар, уюмдар, өкмөттөр жана жеке адамдар бар. Учурда 300гө жакын бөлүм, 200 лаборатория, 16000ден ашык кызматкер бар.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу