КР логистика системасын өнүктүрүү маселелерин стратегиялоо боюнча сессиялар болуп өттү

Новости
22-Апрель 2024-ж.
598

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, КР Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту менен биргеликте И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин колдоосу менен КР логистика системасын өнүктүрүү маселелерин стратегиялоо боюнча пландаштырылган сессияларды өткөрдү.

Сессияларга кызыкдар мамлекеттик органдардын, бизнес-чөйрөнүн, ошондой эле 2027-жылга чейин Кыргыз Республикасынын логистикалык системасын өнүктүрүү боюнча стратегиялык документти иштеп чыгуу боюнча ишмердүүлүктүн негизги багыттарын аныктоо жана координациялоо боюнча академиялык жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Аталган сессиялар КР Президентинин Администрациясынын 2027-жылга чейин КР логистика системасын өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралардын долбоорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында өткөрүлдү. Жыйынтыгында логистика чөйрөсүндө тармактык сегментти өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча сунуштарды андан ары түзүү боюнча чечимдер кабыл алынды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу