Экономика жана коммерция министрлиги жашыл таксономия долбоорун коомдук талкууга алып чыгат

Новости
22-Апрель 2024-ж.
942

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2050-жылга карата көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча саясатын ишке ашыруунун жана КР Салык кодексинин 284-беренесин ишке ашыруунун алкагында, КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан КР жашыл таксономия долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга чыгарылып жатат.

Жашыл таксономия – бул техникалык критерийлерге жооп берген долбоорлордун, иш-аракеттердин жана товарлардын жалпы улуттук классификатору, алар төмөнкү талаптарга жооп берет:

•    экономиканы декарбонизациялоонун улуттук максаттары;

•    кыйыр же түздөн-түз энергияны үнөмдөөчү же энергияны үнөмдөөчү же ресурстарды үнөмдөөчү касиетке ээ, же бул касиеттерди ишке ашырууга мүмкүндүк берет;

•    парник газдарынын эмиссиясын азайтууга мүмкүндүк берет;

•    кайра жаралуучу булактардан энергияны керектөө үчүн көнүмүш энергияга айландырууга мүмкүндүк берет;

•    айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын санын азайтат;

•    парник газдарынын эмиссиясына түздөн-түз салым кошпогон, бирок БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын колдогон тармактарда туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө мүмкүндүк берет;

•    климаттын өзгөрүшүнүн таасирине ыңгайлашууга мүмкүндүк берет.

Жашыл таксономия жашыл долбоорлорду/товарларды/кызматтарды бирдиктүү түшүнүүнү жана аныктоону, жашыл жана климаттык инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнүн негизги куралы болуп саналат.

Жашыл таксономия Кыргыз Республикасы үчүн олуттуу мааниге ээ, анткени ал:

Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгөөбөлгө түзөт;

Аз көмүртектүү жана ресурстарды үнөмдөөчү экономикага өтүүгө дем берет;

Жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууга көмөктөшөт;

Туруктуу каржылоонун эл аралык рыногунда Кыргыз Республикасынын позициясын бекемдейт.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бардык кызыкдар тараптарды жашыл таксономия долбоорун талкуулоого чакырат. 

Сиздин негизделген сунуштарыңыз жана аргументтүү комментарийлериңиз бул документти Кыргыз Республикасы үчүн максималдуу пайдалуу кылууга жардам берет.

Сиздин негиздүү сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 20-майына чейин төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүз болот: stratplan@mineconom.gov.kg

Долбоор.  


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу