Министр Д. Амангелдиев: "Беллегпромдун" жетекчилиги менен жолугушууда соода-экономикалык кызматташууну мындан аркы өнүктүрүү жолдору талкууланды

Новости
22-Апрель 2024-ж.
724

2024-жылдын 22-апрелинде Беларус делегациясынын ТЕХРО-соода көргөзмөсүнүн 2-форумуна катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин, министрдин орун басары Айнура Усенбекованын Беллегпромдун жеңил өнөр жай товарларын өндүрүү жана сатуу боюнча Белорус мамлекеттик концернинин төрагасы Татьяна Лугина, "Беллегпром" концернинин тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгынын башчысынын орун басары Екатерина Малеччик менен жолугушуусу болуп өттү.

"Беллегпром" концернинин курамына "Милавица", "Купалинка", "Полесье", "Элема", "Белвест", "Марко", "Галантея", "Витебские килемдер" сыяктуу соода маркаларын өндүрүүчүлөр, ошондой эле жеңил өнөр жайды илимий изилдөө борбору, эки колледж жана башка соода уюмдары кирет. "Беллегпром" концернинин үлүшүнө өлкөдө өндүрүлгөн жеңил өнөр жай продукциясынын 60% га жакыны жана ата мекендик азык-түлүк эмес товарларды өндүрүүнүн жалпы көлөмүнүн 21% туура келет.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Д.Амангелдиев эки өлкөнүн мамилелеринин стратегиялык мүнөзүн, жеңил өнөр жай секторунда мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өз ара кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде "Беллегпромдун" төрагасы Т.Лугина дүйнөдөгү соңку окуяларга байланыштуу белорус-кыргыз байланыштарын бекемдөөнү жактады. "Беллегпромдун" башчысы Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө республиканын "Тестил Транс" ЖЧКсы, Зорин тигүү фабрикасы жана спорттук мода үйү сыяктуу ири ишканаларында болду.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн товар айланымынын позитивдүү динамикасын белгилеп, соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары арттыруу жолдорун талкуулашты. Белорус легпромунун ишканалары үчүн сапаттуу кездемелерди жана кийимдердин үлгүлөрүн, пахтаны, жиптерди жеткирүү, орой жана жарым жүндүү жүндү кайра иштетүү тажрыйбасы менен алмашуу, өнөр жай кооперациясы чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу