Экономика министрлигинин кызматкерлери улуттук тазалык күнүнө карата акцияга активдүү катышты

Новости
20-Апрель 2024-ж.
656

2024-жылдын 20-апрелинде, КР Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери улуттук тазалык күнүнө карата өткөрүлгөн экологиялык акцияга активдүү катышышты.


Бүгүн министрликтин имаратында, кабинеттерде, конференц-залдарда, коридорлордо тартип орнотулуп, имараттын жанындагы жерлер таштандылардан тазаланды.


Эскерте кетсек, 20-апрелде Кыргызстанда улуттук тазалык күнүнө карата масштабдуу экологиялык акция өтүп жатат.


Акциянын максаты-экологиялык кырдаалга, коомдук жайларда тазалыкты сактоого, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, үнөмдөөчү технологияларды пайдаланууга жана таштандыларды туура утилдештирүүгө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу