МЭК Венадагы энергетикалык инвестициялык форумда презентация үчүн кубаттуулугу 150 МВт болгон "Кыргыз күн станциясы" МЖӨ пилоттук долбоорун илгерилетүүнү талкуулады

Новости
19-Апрель 2024-ж.
723

2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын экономика жана Коммерция министрлигинин аянтчасында министрдин орун басары Санжар Болотов эл аралык финансы корпорациясынын өкүлдөрү менен 150 МВт кубаттуулуктагы "Кыргыз күн станциясы" МЖӨ пилоттук долбоорун илгерилетүү боюнча жолугушуу болуп өттү.

Аталган жолугушууга КР Энергетика министрлигинин, КР Финансы министрлигинин, "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК, КР министрлер кабинетине караштуу жашыл энергетика фондунун, КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин алдындагы МЖӨ борборунун өкүлдөрү катышты.


Министрдин орун басары С.Болотов эл аралык финансы корпорациясынын командасына аталган долбоорду иштеп чыгууга жана илгерилетүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, БЭКтин транзакциялык консультант катары катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Атап айтканда, Кыргыз Республикасына эл аралык деңгээлде таанылган инвесторлорду тартуу максатында долбоордун ТЭНин иштеп чыгууга жана түзүмүн түзүүгө, экологиялык жана башка даярдык иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт.


Белгилей кетсек, бул долбоордо квалификациялуу жеке өнөктөштү аныктоо жана мамлекет тарабынан электр энергиясын сатып алуу үчүн тарифти төмөндөтүү үчүн ачык-айкын жана атаандаштык тендерди өткөрүү каралган.


Бүгүнкү күндө конкурстук тандоонун 1-этабы аяктоодо жана "Камбар-Ата-1"долбооруна инвесторлорду тартуунун алкагында КР Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын июнь айында Австриянын Вена шаарында өткөрүүсү пландаштырылган энергетикалык инвестициялык форумда долбоорду презентациялоо үчүн даярдык жүрүүдө.


Өз кезегинде маалымдагандай, бүгүнкү күндө Европа, Жакынкы Чыгыш жана КЭРден бир катар ири чет элдик компаниялар сынакка катышууга кызыкдар экендигин билдиришти.


Күн станциясынын иштелип чыккан долбоору Нарын, Талас жана Бакткен облустарында ишке ашыруу пландаштырылууда жана өлкөнүн отун-энергетикалык балансын диверсификациялоого жана өсүп жаткан ички жана региондук суроо-талапты жабуу үчүн кайра жаралуучу энергетиканын потенциалын пайдаланууну көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу