Саламаттык сактоо жана медициналык жабдуулар менен алмашуу жаатында кызматташуунун келечеги жөнүндө

Новости
18-Апрель 2024-ж.
628

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Өзбекстан Республикасындагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков Өзбекстан Республикасындагы ири өндүрүштүк ишканалардын бирине барды.

ООО Health Line - ири көлөмдөгү шприцтерди жана медициналык кол каптарды чыгарууга адистешкен.

Сапардын жүрүшүндө аталган компаниянын жетекчилиги менен конструктивдүү сүйлөшүүлөр болду. Кыргызстан менен ООО Health Line ортосундагы кызматташтыктын келечеги талкууланды. Атап айтканда, ООО Health Line продукциясын Кыргыз Республикасынын рыногуна заводдук баа боюнча жеткирүүнү жандандыруу мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды.

Ошондой эле тараптар саламаттык сактоо жана медициналык жабдуулар менен алмашуу жаатында кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу