Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү жөнүндө

Новости
17-Апрель 2024-ж.
847

2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыгуусун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты.

Ошентип, бул мыйзам долбоору камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөтүүнү карайт, мында:

– 2,25% - иш берүүчү тарабынан төлөнөт;

– 10% - кызматкер тарабынан төлөнөт.

Бирок мыйзам долбооруна ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төмөндөтүү төмөнкү категорияларга жайылтылбайт:

– мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;

– мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштетүүчү жана мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен казып алуу ишканалары;

– электр, жылуулук жана газ менен камсыз кылуу (камсыздоо) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар мунайзаттарын өндүрүү жана кайра иштетүүчү субъекттерди кошпогондо, алкоголду, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү жана импорттоо боюнча ишкердиктин субъекттери; Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндө (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунай жана жаратылыш газын кайра иштетүү);

– уюлдук байланыш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер;

– Интернет провайдерлери;

– коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу