Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин спартакиадасынын мелдештеринин жыйынтыктары боюнча Экономика министрлиги спорттун бардык түрү боюнча 1-орунду ээледи

Новости
09-Ноябрь 2015-ж.
1997

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасынын финалдык мелдештери аяктады. Бардыгы болуп 37 мамлекеттик органдын командалары катышышты. Катышуучулардын жалпы саны 6123 адамды түздү. Жарандык түзүм органдарынан – 5355 катышуучу, ал эми күч түзүмдөрүнөн – 768 катышуучу болду.

Алдыңкы орунду ээлеген катышуучулар Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин ордендери, дипломдору жана тийиштүү даражадагы кубоктору менен сыйланышты. Спорттун бардык түрлөрү боюнча мелдештердин жыйынтыктары боюнча жалпы командалык орундар аныкталды:

Жарандык түзүмдөрдүн арасында:

1-орун – КРнын Экономика министрлиги;

2-орун – КРнын Финансы министрлиги;

3-орун – КРӨгө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги

Күч түзүмдөрүнүн арасында:

1-орун – КРнын Ички иштер министрлиги;

2-орун –КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы;

3-орун – КРӨ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу