Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери жалпы шаардык ишембиликке катышты

Новости
13-Апрель 2024-ж.
712

2024-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери Чүй проспектиси менен Эркиндик проспектисинен, Абдрахманов көчөсүнөн жана Чокморов атындагы сейил багына чейин жалпы шаардык ишембиликке катышты.

Тактап айтканда, аталган аймакта баардык жолдордун боюндагы арыктарды, аллеяларды, гүлзарларды санитардык тазалоо, бак-дарактарды жана бадалдарды бутоо, таштандыларды жыйноо жана чыгаруу иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-мартынан 11-майына чейин борбор шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу, ошондой эле тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча эки айлык жарыяланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу