Сапат инфраструктурасы институттары менен Калидена жеке сектордун өз ара аракеттенүүсү - чет мамлекеттердин рынокторуна экспорт-натыйжасы

Новости
09-Апрель 2024-ж.
1084

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылдын 3-5-апрелинде «Сапат инфраструктурасы институттары жана Калидена жеке секторунун  өз ара  аракеттенүүсү - өндүрүш сектору менен мамилеси» деген темада кургатылган өсүмдүктөрдү өндүрүүчүлөр жана сатып алуучулар үчүн  RTV долбоорунун колдоосу менен “Кыргызстанда сапаттуу инфраструктуралык кызматтарды колдонууга көмөктөшүү” семинары өткөнүн билдирди.

Семинардын максаты кургатылган мөмө-жемиштердин мисалында өндүрүүчүлөрдүн жогорку сапаттагы тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча билимин жогорулатуу, базарлардагы продукциянын жүгүртүү шарттары жана   соода түйүндөрүнүн (сатып алуучулардын) талаптарын. Кыргыз Республикасынын калибрлөө лабораторияларынын мүмкүнчүлүктөрүн жөнгө салуу болуп саналат.

Семинардын ишине Кыргыз агрардык академиясынын, Ош технологиялык университетинин, Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Глобал Агроо соода-логистикалык борборунун,   «Куликовский», «Күн планетасы» ЖЧКсы, «Бай Дыйкан» ЖЧКсынын  Органик Гарден, «Интерфрут» ЖЧКсы,  «Алыш Дан», АЧК, «Ишкер KG», СК «Мол-Түшүм» ЖЧК, «Баткен Фруитс Компани»  өкүлдөрү катышты.

Семинардын алкагында 2024-жылга карата CALIDENA иш планы, ишканаларда ХАССП киргизүүдө мониторинг жана өлчөөнүн ролу, ККП жана ОППУ боюнча Мониторинг жана өлчөө планын иштеп чыгуу, кургатылган жемиштерди сыноо үчүн аккредиттелген сыноо лабораторияларынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелери чагылдырылып, продукциянын кайтарылышынын себептерин талдоо жана каттоо Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларациялар, Кыргыз Республикасынын чекене соода түйүндөрүнүн жеткирүүчүлөрдүн тамак-аш азыктарынын сапатына жана коопсуздугуна талаптары, кургатылган жемиштерди маркировкалоо, жеткирилген базарлар , Медициналык илимдер борборунун эталондук калибрлөө лабораторияларынын мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Кургатылган мөмө-жемиш өндүрүүчүлөр үчүн семинарлар системалуу түрдө өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен коңшу мамлекеттердин рынокторуна продукциялар экспорттолууда. Өзгөчө, «Күн планетасы» ЖЧКсы Европа Биримдигине экспортту жолго салды, ЖЧКсы: «Интерфрут», «Мол-Түшүм», «Баткен Фруитс», «Оско» ЕАЭБ базарларына, ТСК «Аксы Sun Planet Organic» экспортту жолго койду. Евробиримдиктин рынокторуна жана Японияга экспорт маселелери боюнча иштеп жаткан Ишкер KG продукциясынын сынамык партияларын АКШга жөнөттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу