Кыргызстан үчүн көп тилдүү глоссарий түзүү долбоорунун киришүү семинары өттү

Новости
05-Апрель 2024-ж.
1036

2024-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында “Кыргызстан үчүн шаарлардын туруктуулугу боюнча көп тилдүү глоссарийди түзүү” долбоорунун киришүү семинары болуп өттү. Долбоордун максаты - мамлекеттик саясатта жана коомдук талкууда терминдерди колдонууда ачык-айкындуулукту жана бирдейликти камсыз кылуу.

Семинар шаарлардын туруктуулугу чөйрөсүндөгү терминологияны стандартташтыруу жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары жана коомчулук үчүн жеткиликтүү ресурс боло турган англис-орус-кыргыз глоссарийин иштеп чыгууну талкуулоого багытталган.

Семинардын максаты – Кыргыз Республикасынын .  2023-жылдын 17-.июлдагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык Мыйзамына ылайык, шаарлардын туруктуулугу чөйрөсүндөгү эл аралык терминдерди кыргыз тилине туура чечмелөө жана которуу боюнча аракеттерди координациялоо болуп саналат.

Семинар КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун, ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жана Америка Кеңештеринин, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо борбору, жарандык активисттер жана эксперттердин катышуусунда өттү.

Белгилей кетсек, бул долбоор урбанизмге жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу негизги терминдерди түшүнүүдө тилдик тоскоолдуктарды жана бүдөмүктүктү жоюуга багытталган демилге.

Долбоордун негизги максаттарына өзгөчө татаал тематикалык терминдердин тизмеси менен сапаттуу материал түзүү жана урбанизм, климат чөйрөсүндөгү дүйнөлүк жана инновациялык терминдерди сапаттуу которуу аркылуу мамлекеттик тилди улуттук деңгээлде жайылтуу кирет. 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жарандык активисттер менен консультациялардын жана кызматташуунун натыйжасында 100дөн ашык терминдерди камтыган англисче-орусча-кыргызча глоссарий иштелип чыгат.

“Кыргызстан үчүн шаарлардын туруктуулугу боюнча көп тилдүү глоссарийди түзүү” долбоорунун автору – АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган Хуберт Хамфри стипендиялык программасынын бүтүрүүчүсү Чынара Сапарова. Ч.Сапарова АКШнын Массачусетс технологиялык институтунда шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү боюнча билим алган. Бул долбоор АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан каржыланган жана Эл аралык билим берүү боюнча Америка Кеңештери тарабынан башкарылуучу бүтүрүүчүлөрдүн алмашуу программалары үчүн чакан гранттар программасынын колдоосу жана жарым-жартылай каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Долбоор боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн 0557 127 257 номерине кайрылыңыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу