Министр Д.Амангелдиев: Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча

Новости
04-Апрель 2024-ж.
943

Министр Д.Амангелдиев: Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча


«Эл аралык туристтик операторлорго лицензиялар азырынча бериле элек, анткени бул туристтик агымдын сапатына таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок, учурда мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тармак өкүлдөрүнүн сунуштары каралып жатат». Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.


Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаеванын суроосуна жооп берип жатып, министр, учурда туристтик операторлордун санын акырындык менен көбөйтүүнү көздөгөн концепция (мамлекеттик программа) да иштелип жатканын белгиледи.


Туризм департаментинин 46 миллион сом бюджетине токтолуп, министр бюджеттин бир бөлүгү анын ишмердигине жана иш алып баруусуна, олуттуу бөлүгү болсо, маркетинг иш-чараларын, анын ичинде аймактарда иш-чараларды өткөрүүгө, жаңы туристтик өнүмдөрдү иштеп чыгууга жумшалып жатканын айтты. Туризм департаменти тармактык саясатты жүргүзөт, ал эми Туризмди өнүктүрүү фонду болсо, туристтик инфратүзүмдү, анын ичинде жол инфратүзүмүн түзүү, инвестициялык туристтик долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу өнүктүрүү инструменттерин иштеп чыгып, жүзөгө ашырат. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу