Экономика министрлигинин министри жана статс-катчысы жеңил атлетика боюнча биринчи орунга ээ болушту

Новости
06-Ноябрь 2015-ж.
1986

2015-жылдын 7-ноябрында министр АрзыбекКожошев баш болгон Экономика министрлигинин командасы КРнын мамлекеттик органдарынын ортосундагы Спартакиаданын II этабынын алкагында мелдештерге катышышты.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорт аренасында (Спартак стадиону) жеңил атлетика боюнча мелдештер жүргүзүлдү, анда 100метрге чуркоодо 45 жаштан жогорку эркектердин ичинен биринчи орунду министр А.Кожошев ээледи.

35 жаштан жогорку аялдардын арасынан биринчи орунду Министрликтин статс-катчысы Айдай Курманова алды.

Экономика министрлигинин кызматкерлери 100, 200, 500 жана 1000 метрге чуркоодо экинчи жана үчүнчү орундарды ээлешти

Бүгүн Шахмат клубунда шахмат боюнча мелдеш, ОРБУАСМда тогуз-коргоол боюнча финалдык оюндар, Кожомкул ат. Спорт сарайында гиря спорту, стол үстүндөгү теннис, волейбол жана футбол боюнча таймаштар жүрүүдө.

Мындан тышкары, Министрлик тогуз-коргоол боюнча мелдештин жыйынтыгында жалпы командалык 1-орунду, ок атуу боюнча 2-орунду жана дартс боюнча 3-орунду ээледи.

Экономика министрлигинин түзүмдүк, региондук бөлүмдөрүнүн жана ведомстволор астындагы органдарынын адистери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштурган Республиканын мамлекеттик кызматкерлеринин спартакиадасына жыл сайын катышып турарын белгилей кетүү керек.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу