2024-жылдын 1-апрелинен тартып ИСЕОдо продукцияны мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу электрондук күбөлүк берүү функциясы ишке кирет

Новости
02-Апрель 2024-ж.
995

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 1-апрелинен тартып.   мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаменти тарабынан берилген ИСЕОдогу « Продукциянын Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн» электрондук формасын берүү функциясы иштей баштаганын билдирди.

Уруксат алуу үчүн ИСЕО аркылуу электрондук арыз берүүнүн ыкмалары:

БТБ МИ оператору аркылуу - арыз берүүчү Бишкек шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборлорунда жайгашкан БТБ МИ тейлөө борборунун операторлору менен байланышуусу керек, Ибраимов көч. 152 (КТБ, 2-кабат) жана Ош шаары, Масалиев пр.75. 

Өз алдынча - арыз ээси https://swis2.trade.kg/en/login шилтемеси аркылуу катталып, “Мамлекеттик кызматтар аркылуу кирүү” бөлүмүндөгү башкы бетке өтүшү керек. Андан кийин мамлекеттик кызматтар порталында авторизациялоо ыкмаларынын бирин тандоосу зарыл. Ийгиликтүү авторизациядан кийин колдонуучу автоматтык түрдө Системанын веб-сайтына кайтарылат, анда аккаунт түзүлөт.

ИСЕО артыкчылыктары:

Тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди даярдоодо бир эле учурда бир нече бөлүмгө арыз берүү менен убакытты жана чыгымдарды кыскартуу.

Тышкы соода операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди алуу үчүн арыз берүүнүн тартибин жана ыкмасын жөнөкөйлөтүү.

Өтүнмөлөрдү кароо процессинин бүтүндүгүн жана ачыктыгын жогорулатуу.

Административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана оптималдаштыруу ж.б.

ИСЕОдо иштөө боюнча бардык суроолорго +996 (312) 902640 же info@trade.kg электрондук дарегине кайрылыңыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу