2023-жылдын аягында жан башына ИДП 2021-жылдагы 1350,7 долларга салыштырмалуу 1969,2 долларга жетти

Новости
29-Март 2024-ж.
1767

Калктын жан башына ИДП өлкөнүн материалдык жашоо деңгээлин чагылдырган негизги көрсөткүч болуп саналат. Бул көрсөткүчтүн өсүшү жарандардын экономикалык бакубаттуулугунун, анын ичинде материалдык байлыктарга, кызматтарга жана мүмкүнчүлүктөргө жетүүнүн жакшырганын көрсөтөт.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык өнүгүүнү тездетүүгө багытталган бир топ иштер аткарылды. Акыркы үч жылда экономикалык өсүш орточо 6,9%ды (2021-105,5%, 2022-109,0%, 2023-106,2%) түздү, бул экономиканын туруктуулугун жана анын постковидге жана учурдагы геосаясий кырдаалга акырындык менен ыңгайлашуусун көрсөтүп, экономиканын тармактарын стимулдаштыруу, ресурстарды эффективдүү башкаруу жана фискалдык реформаларды жүргүзүү боюнча чаралардын комплексин ийгиликтүү ишке ашыруу менен шартталган.

2015-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын жан башына ИДПсы финансы рыногундагы туруксуздуктун таасиринен, экономиканын орточо өнүгүүсүнөн улам орточо 1,6% төмөн өсүштү көрсөттү жана орточо 4,3% экономикалык өсүштүн турукташтыруу мезгили менен мүнөздөлдү. 

2021-жылдан тартып ИДПнын өсүү темпинин тездеши байкалды, бул калктын жан башына ИДПнын олуттуу өсүшүнө алып келди, анын өсүшү орточо 17,3%ды түздү (2021-ж. -9,8%, 2022-ж. -28,8%, 2023-ж. -13,2%). ). Бул мезгил орто эсеп менен 7% экономикалык жогорку өсүш, ал эми ИДПнын орточо 10% номиналдык өсүшү менен мүнөздөлөт. Экономикалык активдүүлүктүн кеңейиши, калктын кирешелеринин өсүшү менен көрүнгөн өзгөрүүлөр дээрлик бардык тармактарда байкалууда, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда, жаңы өндүрүш ишканалары ишке киргизилүүдө, өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна санариптештирүү элементтери кирди, дээрлик бардык кызматтардын түрлөрүн санариптик форматка өткөрүлдү. Макроэкономикалык чөйрөдө айрым жылыштарга жетишилди: экономикалык өсүштүн оң темптери, инвестициялык жигердүүлүктүн жандануусу, экономикалык өнүгүү туруктуу болуп калды. Өз кезегинде ИДПнын өсүшү калктын жашоо деңгээлине олуттуу таасирин тийгизет.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2023-жылдын акырына карата ИДПнын көлөмү 2021-жылдагы 1350,7 долларга салыштырмалуу 1969,2 долларга жеткен.

Экономикалык өсүштүн жетишилген деңгээли сакталса, 2032-жылга карата Кыргыз Республикасы калктын жан башына дүң улуттук кирешенин болжолдуу деңгээлине негизделген Дүйнөлүк банктын классификациясы боюнча орточо кирешенин деңгээлине жетиши мүмкүн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу