Мамлекеттик кызматкерлер үчүн гранттык жана техникалык жардам алуу тартиби боюнча семинар өткөрүлдү

Новости
29-Март 2024-ж.
1299

2024-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик кызматкерлердин эл аралык гранттык жана техникалык жардамды демилгелөө жана эсепке алуу тартиби боюнча квалификациясын жогорулатуу максатында семинар болду.

Тренинг эл аралык гранттык жана техникалык жардамды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле кесиптик компетенцияларды жогорулатуу жана тышкы жардамды тартуунун укуктук аспектилерин жана жол-жоболорун түшүнүүнү жакшыртуу максатында өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү семинардын катышуучуларын өнүктүрүү боюнча эл аралык жана эки тараптуу өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлорго тиешелүү документтерди даярдоонун тартиби менен тааныштырып, өнүктүрүү долбоорлорун координациялоонун жана эсепке алуунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

Окуу процессинин жүрүшүндө семинардын катышуучулары талкууга активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу