КР ЭКМ ЕЭК Коллегиясынын 2024-жылдын 26-мартында кабыл алынган чечими тууралуу билдирет

Новости
27-Март 2024-ж.
1228

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) мүчө-мамлекеттердин сунушу боюнча алар бажы укуктук мамилелерди жөнгө салуучу транзиттик декларацияны, товарларга декларацияны толтурууну, ошондой эле өзүнчө бажы документтеринин структураларын жана формаларын колдонууга тийиштүү коллегиянын бир катар чечимдеринин күчүнө киришин 2024-жылдын 1-апрелинен 2025-жылдын 1-апрелине чейин өзгөрттү.

Бул чечим ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнүн бажы органдарынын маалыматтык-программалык инструменттерине техникалык чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү мөөнөттөрүнө байланыштуу келип чыккан ЕЭК Коллегиясы 2024-жылдын 1-апрелине жылдырылган кыйынчылыктарга жана айрым чечимдерди ишке ашыруунун мөөнөтүн сактабоо тобокелдиктерин жоюуга байланыштуу кабыл алынды.

Ошол эле учурда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтары транзиттик декларацияны толтуруунун жаңы формаларын жана жол-жоболорун колдонууга бир убакта (синхрондуу) өтүүнү камсыз кылууга тийиш, анткени синхрондуу өтүү биринчи кезекте, транзиттик ташууларды контролдоодо маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу менен байланышкан, анын тартиби ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууга мониторинг жүргүзүүдө маалыматтык өз ара аракеттенүү технологиясы 2015-жылдын 4-июнундагы Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын чечими жана бул технологияны ишке ашыруучу техникалык шарттар менен аныкталат.

Бул чечим Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-февралындагы Россия Федерациясынын аймагында утил жыйымын киргизүү тууралуу токтомуна байланыштуу эмес.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу