Прогрессивдүү өнөктөштүк: Кыргызстанда өндүрүш ачуу боюнча Dentafill Plus менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Новости
27-Март 2024-ж.
1179

2024-жылы 26-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгү Dentafill Plus өнөр жай компаниясында болду. Компания фармацевтика өндүрүшүнө адистешкен: дары-дармектер, майлар, медициналык кол каптар, инъекциялык жана инфузиялык эритмелер жана тиш пасталарын чыгарат.

Иш сапардын жана продукциянын сапатын изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өндүрүш линиясын ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды.

“Биз Өзбекстандагы өнөктөштөр менен кызматташуунун жогорку потенциалына ишенебиз жана бул демилгенин ишке ашырылышын чыдамсыздык менен күтөбүз, ал фармацевтикалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүүгө гана эмес, Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүүгө да өбөлгө түзөт” – деп Өзбекстан Республикасындагы КР эконимика жана коммерция министрлигине караштуу соода өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу