Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда курулуш тармактарындагы күтүлгөн экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу талкуулашты

Новости
05-Ноябрь 2015-ж.
1970

Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (АКТКЧМА), Курулуш союзунун, Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун жана Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен учурдагы курулуш секторунда болуп жаткан көйгөйлүү маселелер, анын ичинде курулуш объекттерин пайдаланууга берүү маселелери боюнча жумушчу жыйынын өткөрдү.

Бул жыйынды өткөрүүнүн зарылдыгы 2015-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн курулуш тармагынын өнүгүүсүнүн натыйжасы өсүү траекториясынын төмөндөшүн көрсөткөндүгү болду. Ошентип, курулуш тармагынын өсүүсү жыл башынан бери (ү.ж. февралында 12,2 %) 4,9 пайыздык пунктка төмөндөп отуруп 9 айдын жыйынтыгы боюнча 7,3% чейин жайлады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу