ЭКМде фармацевтикалык өндүрүштүн өнүгүшүнүн келечектүү багыттары талкууланды

Новости
15-Март 2024-ж.
1033

ЭКМде фармацевтикалык өндүрүштүн өнүгүшүнүн келечектүү багыттары талкууланды


2024-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев фармацевтикалык өндүрүш ишканаларынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу тармактагы негизги көйгөйлөрдү талкуулоо жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттарын иштеп чыгуу максатында уюштурулган.


Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө өнөр жайда фармацевтикалык өндүрүштүн үлүшү анча чоң эмес бойдон калууда жана 0,1%ды түзөт. Ошону менен бирге, 2020-жылдан бери республикада дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын көлөмүнүн этап-этабы менен өсүүсү байкалып, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча физикалык көлөмдүн индекси 134,9%ды түзгөнү белгиленген.


Ата мекендик фармацевтикалык өнөр жайды калыптандыруунун маанилүүлүгүн жана маанисин белгилеп, министрлик фармацевтикалык ишканалардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирдикте өзүнүн өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү жана импортко көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. 


Ошентип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынып, товарлардын тизмеси бекитилди. Анын ичинде. республиканын аймагында өндүрүлгөн фармацевтикалык продукциялар ата мекендик продукцияны кепилденген сатууну камсыз кылууга багытталган бир булактан алуу ыкмасы менен мамлекеттик органдар тарабынан сатып алынууга тийиш.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилгенде кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын, медициналык багыттагы буюмдардын, ошондой эле дары-дармек каражаттарын өндүрүүдө колдонулуучу баштапкы материалдардын тизмесин бекитүү тууралуу” токтомун кабыл алды. Бул ата мекендик фармацевтикалык ишканаларга чийки затты КНС төлөбөстөн импорттоого жана өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу