Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо функциялары Кыргызстандарга өткөрүлүп берилди

Новости
15-Март 2024-ж.
1481

2024-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы “Продукциянын шайкештигин тастыктоо жана шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому күчүнө кирет.

Ошентип, Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоо функциялары ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна (Кыргызстандарт) жана анын жол-курулуш буюмдарын, курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды,байланыштын техникалык каражаттарын кошпогондо, Кыргызстандарттын аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.

«Кыргызстандарттын» республиканын ар бир регионунда өзүнүн аймактык бөлүмдөрү бар жана шайкештик декларациясын каттоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө даяр.

Бул токтом шайкештикти баалоо жол-жоболорун бузууга жол бербөө, ошондой эле ак ниетсиз сертификаттоо органдары тарабынан берилген “боз сертификаттарга” (шайкештикти баалоо жол-жоболорун бузуу менен же сыноосуз берилген) каршы күрөшүү максатында кабыл алынган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу