Экономика жана коммерция министрлиги кыргызстандыктарды бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн күнү менен куттуктайт

Новости
15-Март 2024-ж.
1176

Жыл сайын 15-мартта эл аралык коомчулук Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн күнүн белгилешет.


Керекөөчүлөрдүн сезиз негизги укуктары дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү мыйзамдарынын негизи болуп калды, алар:


- коопсуздук укугу;

- маалымат алуу укугу;

- тандоо укугу;

- керектөөчүнү угуу укугу;

- келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугу; 

- керектөөчүлүк билим алуу укугу;

- негизги муктаждыктарды канааттандыруу укугу;

- таза айлана-чөйрөгө укугу.


Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн күнү майрамдардын эл аралык календарында биринчи жолу 1983-жылдын 15-мартында белгиленген, ошондон бери жыл сайын белгиленип келет.


Жыл сайын бул датага арналган тематикалык иш-чаралар керектөөчүлөрдүн союздарынын бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан бекитилет.


Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн күнүнүн 2024-жылга темасы болуп “Керектөөчүлөр үчүн адилет жана жоопкерчиликтүү жасалма интеллект” белгиленди. Жасалма интеллекттин көптөгөн артыкчылыктарына карабастан, аны күнүмдүк жашоодо колдонууда керектөөчүлөрдүн коопсуздугу үчүн чоң коркунучтар бар. Ушуга байланыштуу, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөр союздарынын уюму маалыматтык түшүндүрүү иш-чараларын пландаштырган, жарандык коомго кеңири жайылтуу үчүн интернетте чагылдырылат.


Евразия экономикалык биримдигинин (мындан ары - Биримдик) аймагында мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттеринин программасына ылайык 2024-жылга артыкчылыктуу тема катары “Керектөөчү жана ишкер: өнүгүүгө ишеним” бекитилген, бул керектөөчүлөр менен ишкерлердин ортосундагы өз ара аракеттенүү жана ишенимге негизделген абийирдүү мамилелерди өнүктүрүү көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурат.


Үстүбүздөгү жылы Биримдиктин өлкөлөрү ишкерлер менен коомдун кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун сактоо көйгөйлөрү боюнча маалыматтык-окутуу иш-чараларын пландаштырышты. Алдыда боло турган иш Биримдикке мүчө беш мамлекеттин бардык тургундарын камтыйт.


Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында калктын маалыматтык кызыгуусун жогорулатуу максатында рыноктун катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди колдоонун жана өнүктүрүүнүн колдонуудагы механизмдерин кеңейтет, маалыматтык ресурстарды эске алуу менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүүгө биргелешкен күч-аракеттерди багыттайт.


Кыргыз Республикасында 1997-жылдан тартып керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамы менен жөнгө салынат, мыйзамда керектөөчүлөрдүн укуктары, ошондой эле сатуучулардын укуктары жана милдеттери белгиленген.


Керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган учурда жарандар төмөнкү мамлекеттик органдарга кайрыла алышаарын билүү зарыл:


-Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министерстрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынына, компетенциясына керектөөчүлөрдү сапатсыз товар (жумуш, тейлөө кызматтары) сатып алууда, өлчөөлөрдүн туура эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргоо кирет http://antimonopolia.gov.kg).


-Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы финансы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн укугун коргойт (http://nbkr.kg).


-Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти (https://dgsen.kg).


-Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (http://www.pharm.kg/). 


-Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика  комплексин жөнгө салуу департаменти (https://regultek.gov.kg). 


-Кыргыз Республикасынын суу ресурсттар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы (https://www.gvfi.gov.kg).


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу