КР ЭКМ, Мамлекеттик салык кызматы, ЖИА Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте ишкерлерди колдоо максатында аймактарда түшүндүрүү жана маалыматтык иш-чараларды өткөрөт

Новости
11-Март 2024-ж.
986

2024-жылдын 6-мартынан 12-мартына чейинки мезгилде Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Каракол шаарларында “Бизнес-билим кербени – салык реформасынын чакырыктары” долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ЖИА Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте ишкерлерди колдоо боюнча түшүндүрүү жана маалыматтык иш-чараларды өткөрөт.

Панелдик сессияларда, суроо-жооптордо бизнес коомчулугу үчүн эң актуалдуу темалар талкууланат. Атап айтканда, Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор; ишкерди онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү; кассалык машинаны колдонуу эрежелери; электрондук эсеп-фактураларды колдонуу тартиби; виртуалдык кампа ЭTTН; салык отчетторун өз алдынча берүү мүмкүнчүлүгү; ишкерлерди текшерүүгө мораторий; жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү; жарандык активдерди кантип мыйзамдаштыруу керек; ишкерлер бул мүмкүнчүлүктөн кантип пайдалана алышат; мыйзамдаштыруу жөнүндө декларацияны кантип толтуруу маселелери каралат.

Ошондой эле катышуучулар бизнести колдоо борборунун, прокуратуранын жана салык кызматынын кызматкерлеринен жеке консультация алышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу