КР ЭКМи жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө СМС билдирүүлөрдү ишке киргизди

Новости
11-Март 2024-ж.
1147

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги кеңири масштабдуу түшүндүрүү иш-чараларынын алкагында (видеолорду, аудио роликтерди көрсөтүү, ар кандай интернет сайттарында мыйзамдаштыруу кампаниясынын шарттары жөнүндө кыска, жеткиликтүү маалыматтарды жайгаштыруу) Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын бардык телеканалдары жана өлкөнүн түйүндүк операторлоруна төмөнкү тексттер боюнча SMS билдирүүлөрдү ишке киргизди.

Маалым болгондой, учурда калктын, тактап айтканда, соода-сатык менен алектенген адамдардын патенттин мөөнөтүнүн бүтүп калгандыгы тууралуу маалыматтарды тез арада жеткирүү зарылчылыгы бар.

SMS билдирүүлөрүнүн тексттери:

1. 2023-жылдын 1-январына чейин алынган активдерди легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Мыйзамдаштыруу кампаниясы 2024-жылдын 9-июнунда бүтөт. Ыктыярдуу билдирүүнүн сыры сакталат! КР ЭКМнин сайты https://mineconom.gov.kg/ru

2. Бул маанилүү! Соода ишмердүүлүгүнө патенттер 2024-жылдын 1-июлунан тартып жокко чыгарылат! Салык төлөөчүлөр жалпы салык режимине же бирдиктүү салыкка өтүшү керек. Мамлекеттик салык кызматынын колл-борбору – 116.

2023-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын максаты – жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу үчүн укуктук механизмди түзүү. жеке жактар тарабынан ыктыярдуу декларациялоо жолу менен аларга таандык болгон, анын ичинде башка жактардын атына номиналдуу катталган же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан мүлктөрдү декларациялоо учуруна карата легалдаштыруу; Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүү; көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу; активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул Мыйзамда каралган мүлктөрдү ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин келип чыгышы мүмкүн болгон мыйзам талаптарын бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан жоопкерчиликке тартуудан коргоо болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу