Министр Д.Амангелдиев Кыргызстандык бардык айымдарды келе жаткан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайт!

Новости
07-Март 2024-ж.
1176

2024-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрликтин аялзатын, ошондой эле бардык мекендештерди келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктады.      

«Урматтуу айымдар!

Жаздын назик майрамы – 8-март Аялдардын Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыздар!

Жаратылыш сиздерге жароокерликти, түгөнгүс энергияны, өзгөчө аялдык акылмандыкты жана укмуштуудай сабырдуулукту тартуулады!       

Үй түйшүгүнө жана жумуш камкордугуна карабастан, сиздер ар дайым өзүңүздөрдүн эң жакшы сапаттарыңыздын – сулуулук менен аруулуктун, назиктиктин жана жылуулукту тартуулаганыңыздар үчүн таазим. Биздин дүйнөнү кооз жана боорукер кылып, ар кандай бизнеске же ишке гармония алып келип, жашообузга жарык берген сиздерсиздер.

Аялзаты бар үчүн сүйүү жана ишенимдүүлүк, үй-бүлө жана өз үй, өлөң төшөгүң сыяктуу баалуулуктар түбөлүктүү болуп, жер бетинде жашоо уланууда. Сиздер бизди ийгиликке дем берүүчү жана кыйын учурларда “жеңилибизди жерден алган, оорубузду колдон алган” колдоочубуз  болуп да саналасыздар.

Жаздын ушул күндөрүндө сиздерге дагы жаркын жана бактылуу учурларды, эң кымбат каалоолоруңуздун аткарылышын, үй-бүлөлүк бакты-таалай жана бакубатчылык, кесиптик жетишкендиктерди каалайм. Ар бир күн сиздерге жакындарыңыздын көңүлү, жылуулугу жана камкордугу менен кубандырсын. Сиздерге сүйүү, жылмаюу, жаркын маанай!”


Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Экономика жана коммерция министри                     Д.Дж. Амангелдиев


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу