Административдик-аймактык реформанын алкагында КР шаарларын жана айыл аймактарын ирилештирүү процесси жүрүүдө

Новости
06-Март 2024-ж.
1293

КР Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы менен ААРды жүргүзүү боюнча Жол картасы бекитилген.

Жол картасынын иш-чараларына ылайык, Экономика министрлигинин 2024-жылдын 15-январындагы буйругу менен административдик-аймактык реформаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн биринчи орун басарлары киришкен.

Ушундай эле жумушчу топтор ар бир райондун, облустун деңгээлинде түзүлдү.

Жумушчу топтун негизги милдети административдик-аймактык реформаны ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, иш-чараларды ишке ашырууда пайда болгон ар кандай кырдаалдарды оперативдүү жана укуктук чечүүнү уюштуруу, ошондой эле консультациялык, усулдук жана укуктук жардам көрсөтүү жана жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Жумушчу топтун жыйындары ар аптанын бейшемби күндөрү өткөрүлүп жатат. Ал эми жумушчу топко кирген аймактардын өкүлдөрү онлайн режиминде катышууда. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясында жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн катышуусунда 2 жолу жыйын өткөрүлдү. Ведомстволор аралык жумушчу топ бардык ресурстарды тартуу менен административдик-аймактык реформа боюнча иш-чараларды ишке ашырууда бардык пайда болгон көйгөйлөрдү тез арада чечүү боюнча иш алып барууда.

Жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын негизинде Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларын ирилештирүү процесси жүрүп жатат.

КР Президентинин Жарлыгына ылайык, 452 айыл аймагынан 217си кыскарып, 235 ирелештирилген айыл аймактары түзүлөт. 

Маалымат ирэтинде: 235ке Ысык-Көл облусунун Түп районунун жана Нарын облусунун мурда реформаланган айыл аймактары кирет.

Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта жана Токтогул шаарлары чектеш айыл аймактарынын эсебинен чоңойтулат. Ушундан улам шаар аймактары кыйла кеңейет. 

Шамалды-Сай Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгарылып, Шамалды-Сай райондук маанидеги шаар макамын алып, Ноокен районун курамына киргизилет. 

Бүгүнкү күндө КР бардык аймактарында административдик-аймактык реформа жүргүзүү чараларын ишке ашыруу боюнча иштери жүргүзүлүүдө. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу