Нарындын ишкерлери бизнести өнүктүрүүдө насыя алуунун шарттары менен таанышышты

Новости
06-Март 2024-ж.
1236

2024-жылдын  5- мартында  Нарын  шаарында жеке ишкерлер Ассоциясынын өкүлдөрүнүн, КР  Экономика жана  коммерция  министрлигинин Аймактар  аралык 

башкармалыгынын  Нарын  аймактык  бөлүмүнүн  кызматкерлеринин, Нарын  облусунун Соода  палатасынын  өкүлүнүн катышуусу  менен   Фонддор   жана   жергиликтүү  ишкерлердин жолугушуусу  өттү. 

Жолугушууда  Кепилдик  фонд  АККсы    жана Ишкердикти өнүктүрүү фонду  жергиликтүү  ишкерлерге   бизнесин өнүктүрүүгө  кредит  алуунун  шарттары  жөнүндө  жана  эгер   кредит  алууда каржылык камсыздоо   жетишсиз  болуп  жатса, Кепилдик фонду  аркылуу  кепилдик  колдоо  көрсөтүлө   тургандыгы   боюнча   негизги шарттарын  түшүндүрүп  беришти. 

Жергиликтүү  ишкерлер активдүү катышып, кепилдик  алууда   кызыктырган  суроолорун  берип,   толук  маалымат  алышты.     Жыйынтыгында алар  бул  жолугушуу  ишкерлер  үчүн абдан маанилүү   болгондугун белгилешип,  ыраазычылыгын билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу