Жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен өндүрүлгөн 7 БАБП Бренд продукциясы тандалды

Новости
01-Март 2024-ж.
777

2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Региондор аралык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору Бренд комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору жөнүндө” Жарлыгын жана Улуттук экономикалык долбоордун иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга чейинки токтому менен бекитилген “Бир айыл – бир продукт” Бренддик комитеттин Баткен облусундагы ОБОПтун катышуучулары менен жолугушуусу болуп, анда иштелип чыккан ОБОП продукциялары көрсөтүлдү.

Бренддик комитеттин жыйынынын негизги максаты - адамдарды ишкердикке кызыктыруу, жергиликтүү аймактык продукциянын имиджин жана брендин түзүүгө жардам берүү.

Бренддик комитеттин жыйынында жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен өндүрүлгөн 7 продукция тандалып алынып, жыйынтыгында БАБП Баткен-Бренди сертификаттары ыйгарылды.

Баткен брендин алган товарлардын тизмеси:

- Өрүк майы – Төлөмүшев Турсуналы;

- Жүзүм ширеси 100% – Дусматова Гүлнара;

- Өрүк печеньеси «Айгүл» – Ахматова Барнохан;

- Малина ширеси – Жусупбекова Сапаргүл;

- Малина печеньеси – Уланбек кызы Рахима;

- Кургатылган итмурундар – Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Үч-Коргон токой чарбасы;

- “Ак-Турпак” күрүчү – Алина Ысакова.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 28-февралында Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын.катышуусунда Баткен облусунун Лейлек районунун «Бир айыл – бир продукт» долбооруна катышуу үчүн кызыккан тургундардын жолугушуусу болуп өттү. 

Айыл калкын бизнеске тартуу, БАБП долбоорунун ыкмасы менен кичи бизнеске көмөк көрсөтүү аркылуу жумушсуздук көйгөйлөрүн чечүү максатында Баткен облусунун Лейлек районунун кызыккан тургундарынын жолугушуусунда аталган долбоордун иш-чаралары боюнча кеңири маалымат берилди. Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары “Бир айыл – бир продукт” долбоорун колдонуу менен кичи бизнести өнүктүрүүгө кызыкдар.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу