Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк бизнес форуму өттү

Новости
01-Март 2024-ж.
1276

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Экономика жана коммерция министрлигине караштуу соода өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги тарабынан уюштурулган соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк бизнес-форуму болуп өттү.


Бизнес-форумга ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган жана Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле курамы 60 адамдан турган түрк тараптын ишкер чөйрөлөрүнөн келген делегациянын бизнеси жана кыргыз ишкерлеринин өкүлдөрү катышты.


Бул бизнес-форумда эки боордош өлкөнүн мамилесин жакшыртуучу ар түрдүү тармактардагы жаңы идеялар жана долбоорлор талкууланды.


Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынан жетекчилер бизнес-форумда Түркия Республикасы Кыргызстандын соода-экономикалык маселелер боюнча негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналаарын баса белгилешти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө жана соода потенциалына арналган презентация менен чыгышты.


Өз сөзүндө Түрк тарап Кыргыз Республикасынын жетекчилиги инвесторлорду колдой тургандыгын белгилеп, Кыргызстан – өнөр жай, соода, энергетика, суу менен камсыздоо, туризм, финансылык кызматташтык жана бизнестин башка тармактары жагынан инвестицияларга ылайыктуу өлкө экендигин баса белгиледи.


Бизнес-форумдун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын экспортун көбөйтүү максатында ата мекендик компаниялар өз продукцияларын көрсөтүштү, ошондой эле эки тараптуу ишкердик сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 2,7 млн.доллар соода кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди.


Бул форумга 200дөн ашык компания катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу