Кыргыз-Түрк бизнес-форумунун алкагында товар жеткирүү жөнүндө макулдашуулар жетишилди

Новости
01-Март 2024-ж.
1236

2024-жылы 28-февралда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк бизнес-форумун уюштурду жана өткөрдү. 


Бизнес-форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган жана Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле курамы 60 адамдан турган түрк тараптын ишкер чөйрөлөрүнөн келген делегациянын бизнеси жана кыргыз ишкерлеринин өкүлдөрү катышты.


Бизнес-форумдун негизги максаты Кыргыз Республикасынын экономикасына түрк инвестицияларын тартуу жана соода кызматташтыгы боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу болуп саналат.


Аталган иш-чарада түрк тараптын ишкерлери менен Кыргыз Республикасынын бардык 7 облусунун жана Бишкек жана Ош шаарларынын ишкерлеринин ортосунда бизнес жолугушуулар (В2В) болуп өттү.


Бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча кызматташуу жөнүндө ар кандай макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюу тууралуу макулдашуулар жетишилди, алардын эң маанилүүлөрүнүн бири-түркиялык “Kervan Gıda” түрк компаниясы менен “ТТТ Компани” ЖЧК кыргыз компаниясынын ортосунда  1,2 млн. АКШ долл., “Happy Clean” түрк компаниясы менен “Лидер групп” кыргыз компаниясынын ортосунда 1,5 млн. АКШ долл. товарларды жеткирүү жөнүндө макулдашуулар болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу