Экономика министрлигине жаңы министр Арзыбек Кожошев сунушталды

Новости
04-Ноябрь 2015-ж.
2074

Бүгүн, 2015-жылдын 5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында өлкөнүн Биринчи вице-премьер министри Аалы Карашев жамаатка жаңы министри Арзыбек Кожошевди көрсөтүп тааныштырды

Тийиштүү жарлыкка өлкөнүн Президенти Алмазбек Атамбаев кол койду

А.Кожошев мурда Финансы министринин орун басары кызмат ордун ээлеген, бирок берилген арызга ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулган. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Экономика министринин кызмат ордун учурдагы экономикалык маселелер боюнча вице-премьер министр Олег Панкратов ээлеп турган.

Өлкөнүн жаңы Экономика министрин көрсөтүп тааныштыруу менен, Биринчи вице-премьер министр Аалы Карашев - Арзыбек Орозбекович өзүнүн мамлекеттик кызмат ордун жетектөөчү адис кызматынан баштап Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басарлык кызматына чейин өзүн тартиптүү жана жоопкерчиликтүү адис катары, бирдиктүү финансылык жана бюджеттик саясатты жүргүзүүнү, экономикалык кайра түзүүлөрдү ишке ашырууда рыноктук мамилелерди бекитүүнү камсыздоодо өзүн кесипкөй адис катары алып жүрө алган деп билдирди.

Министр А. Кожошев өз кезегинде жогорку мамлекеттик кызматка дайындоодо ишеним көрсөтүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган бардык коюлган милдеттер биргелешкен күчтүн аркасында болорун жана алдыга гана жыларын белгилеп өттү.

Жыйынтыгында Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова жамааттын атынан министр А.Кожошевди дайындалышы менен куттуктап, улуттук баш кийим кийгизип, үстүнө чепкен жапты.

А.Кожошев 1968-жылы 25-июнда Ош областынын Ош ш. төрөлгөн. 1994-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун артыкчылык менен аяктаган. 2000-жылы Кыргыз улуттук университетин артыкчылык менен бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасын ийгиликтүү аяктаган. Региондук өнүктүрүү, финансылык-бюджеттик борбордон ажыратуу жана бюджеттер аралык мамилелер маселелери боюнча Австрия, АКШ, Литва, Япония, Венгрия, Чехия жана Латвияда стажировкадан өткөн. Европа жана Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана жергиликтүү финансыны натыйжалуу башкаруу маселелери боюнча тажрыйбаларын үйрөнүп келген.

Ишмеригин 1985-1987-жылдары МПМК курулуш уюмунда бетонщик болуп баштаган. 1987-1989-жылдары Челябинск ш. (Россия Федерациясы) Советтик армиянын катарында кызмат өтөп келген. 1992-1993-жылдары ОшМУ Студенттик Союзунун төрагасы болгон. 1993-1994-жылдары – Студенттерди социалдык жактан колдоо Республикалык Фондунун төрагасынын орун басары. 1996-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик башкармалыгынын жергиликтүү бюджеттер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси. 1998-ж. – башкы адис. 1999-ж. – бюджеттик саясат башкармалыгынын жергиликтүү бюджет бөлүмүнүн башчысы, начальник. 2005-2006-жылдары бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги. 2006-2007-жылдары – бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын начальниги. 2007-жылдын март айынан бери азыркы күнгө чейин - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары.

Улуттук жана чет өлкөлүк басылмалардагы 20дан ашуун илимий чыгарылыштардын автору. 3 монография жана 2 окуу китебин чыгарды. «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги укуктары жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө», «Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну децентралдаштыруунун Улуттук стратегиясы», «Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө», «Салык кодекси», «Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, бир катар методикалык окуу куралдарын жана нускамаларды, финансы маселелеринин сөздүгүн иштеп чыгуучулардын бири.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Финансылык-экономикалык кызматынын отличниги. Муниципалдык кызматтын отличниги. Салык кызматынын 1-рангадагы кеңешчиси.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. РФ менен КРнын достугун жана кызматташтыгын чыңдоого чоң салымын кошкондугу үчүн Россия Федерациясынын II даражадагы Улуу Петр Ордени менен сыйланган.

Классикалык күрөш боюнча (грек-рим күрөшү) спорт чебери. 2009-жылдын 8-январынан тарта Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөш федерациясынын Президенти.
"" ""
""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу