КР ЭКМ Өкүлчүлүгүнүн башчысы Абу-Дабиде өткөн ДСУнун 13-министрлер конференциясына катышты

Новости
29-Февраль 2024-ж.
849

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максүтов 2024-жылдын 26-29-февралында Абу-Дабиде (БАЭ) өтүп жаткан Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) 13-министрлер конференциясына катышты.

ДСУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы талкуу сессияларынын жүрүшүндө соода, туруктуу өнүгүү жана инклюзивдүүлүккө байланышкан маселелер талкууланды. Соода жана туруктуу өнүгүү боюнча сессияда Н.Максүтов белгилегендей, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери тууралуу маалымдуулуктун өсүшү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн экономикалык, социалдык жана экологиялык максаттарды туруктуу өнүктүрүү стратегияларына интеграциялоо боюнча иш-аракеттерге түртүүдө. Туруктуу өнүгүү, Марракеш келишиминде бекитилген соода саясаты узак мөөнөттүү айлана-чөйрөнү коргоону, социалдык теңчиликти жана экономикалык өсүштү колдоону камсыздоого багытталган ДСУнун негизги максаты болуп саналат.

Туруктуу өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашырууга умтулуу менен Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүүгө карай бир катар иш-чараларды, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын, айлана-чөйрөнү коргоону жана экотуризмди илгерилетүү боюнча иш-чараларды өткөрдү.

«Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча пайдаланылбаган олуттуу потенциал жана ГЭС, күн энергиясы, биогаз жана шамал энергиясы сыяктуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу технологияларын өнүктүрүүнүн келечектүү мүмкүнчүлүктөрү бар», - деди Н.Максүтов.

Н.Максүтов ошондой эле мүчө-өлкөлөрдүн көңүлүн эл аралык сооданын Кыргыз Республикасы үчүн да маанилүү болгон субъекттерине, атап айтканда, чакан жана орто бизнести жана аялдардын ишкердигин колдоо маселелерине бурду.

Эл аралык соода ресурстары көп ири компанияларга караганда ММСП үчүн кымбатыраак жана татаал. ДСУ инклюзивдик соода саясатын илгерилетүү керек, алар инклюзивдүүлүккө жана дүйнөлүк рынокторго адилеттүү кирүүгө артыкчылык берет. Көптөгөн өлкөлөр үчүн чакан жана орто бизнестин маанилүүлүгүн эске алуу менен аларды колдоо гендердик теңчиликке, татыктуу жумушту жана экономикалык өсүштү жакшыртууга, индустриялаштырууга, инновацияларга жана инфраструктурага көмөктөшүүгө, өлкөнүн ичиндеги жана ортосундагы теңсиздикти кыскартууга жана дүйнөлүк соодага катышууну жогорулатууга көмөктөшөт.

“ДСУ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өзгөчө муктаждыктарына ылайыкташтырылган потенциалды жогорулатуу демилгелерине жана техникалык жардам көрсөтүү программаларына артыкчылык бериши керек, айрыкча сооданы жеңилдетүү жана рынокко кирүү сыяктуу тармактарда. Дүйнөлүк соодага эффективдүү катышуу үчүн ишкер аялдардын жана чакан жана орто бизнестин потенциалын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу керек”, - деп жыйынтыктады сөзүн Н.Максүтов.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу