КР ЭКМ башчысы Чүй облусунун өнөр жай ишканаларында болду

Новости
28-Февраль 2024-ж.
741

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү долбоорунун алкагында Чүй облусундагы өндүрүш ишканаларына иш сапары менен барды.

Тактап айтканда, министр өндүрүш ишканаларын ишке ашыруунун учурдагы абалы менен таанышты. «Чайна Петрол Компани» ЖЧКсынын, «Алтын тулпар унаа курулуш» заводунун, «ДАН» мамлекеттик ишканасынын, «Кант цемент заводу» ААКнын, «Асыл Таш плюс» ЖЧКсынын өндүрүштүк жайлары менен таанышып, мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушуп, алардын ишинин негизги аспектилерин талкуулашты.

Жолугушуунун негизги максаты - аймактагы өндүрүштү өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу кеңири маалымат алуу эле.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Д.Амангелдиев ишканаларда жетишкен ийгиликтерге токтолуп, анда продукциянын сапатын жогорулатууга жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзгөн бир катар алгылыктуу өзгөрүүлөр байкалды. Ошол эле учурда кошумча көңүл бурууну жана чечүү үчүн күч-аракетти талап кылган айрым аспектилер аныкталды.

ЭКМ башчысы ошондой эле министрликтин өндүрүштү мындан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана анын өнүгүшүнө тоскоолдуктарды жоюу боюнча чараларды колдоого жана иштеп чыгууга даяр экендигин баса белгиледи.

Жалпысынан алганда, бул сапар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана экономиканын туруктуу өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө принципиалдуу умтулуусун көрсөттү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө «Чайна Петролеум Компани Джунда» ЖЧКсын модернизациялоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат, модернизациялоону аяктоо жана ишти кайра баштоо менен өндүрүш көлөмү менен К 4 жана К 5 экологиялык класстагы бензинди - жылына 800 миц тонна продукцияны чыгаруу пландалууда.. Заводду модернизациялоого жана битум чыгаруучу цехти катарлаш курууга инвестициянын суммасы 200 миллион долларды түзөт.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында. «Алтын тулпар унаа курулуш» ишканасында жеңил унааларды жана коммерциялык жабдууларды чогултуу боюнча өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда. Бул долбоордун алкагында, баштапкы этапта бир катар автомобиль жана коммерциялык унааларды чогултуу, андан кийин чакан агрегаттарды чогултууга өтүү уюштурулат. Долбоордун 1-этабын ишке ашыруунун алкагында жыл сайын 3 миңге жакын унаа чыгаруу пландалууда. Долбоордун жалпы баасы болжол менен 6,0 миллион долларды түзөт.

Ошону менен бирге, быйылкы жылы «Асыл Таш плюс» ЖЧКсы тарабынан жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү керамикалык плиткалар жана фарфор таш буюмдарын жылына 3,3 млн. чарчы метр чыгаруу уюштурулууда, Долбоордун жалпы баасы болжол менен 35,0 млн долларды түзөт.

«Дан» мамлекеттик ишканасынын ун чыгаруучу ишканасын модернизациялоо боюнча да даярдык иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө «Дан» мамлекеттик ишканасынын аймагына Түркиядан ун тартуучу жабдыктарды жасап, алып келүү жана өндүрүштүк жайларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 700,0 миң доллардан ашык.

«Кант цемент заводу» ААК кургак ыкма менен клинкерди өндүрүү боюнча жаңы заманбап технологиялык линияны куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда, кубаттуулугу суткасына 2500 тонна, кубаттуулугу жылына 800 000 тонна клинкер. Долбоордун жалпы баасы 60 миллион доллардан ашат Долбоорго ылайык, ишкана эң алдыңкы технологиялар жана эң акыркы жабдуулар менен жабдылат.

Мындан тышкары, министр Д.Амангелдиев КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйында быйылкы жылы 100 жаңы өнөр жай ишканасын ишке киргизүү боюнча амбициялуу программаны ишке ашыруунун стратегиялык жана практикалык өзгөчөлүктөрү талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары учурдагы прогрессти карап чыгышты, ийгиликтин негизги факторлорун жана бул программаны ишке ашырууда туш болушу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды талкуулашты.

Инвестицияларды стимулдаштырууга, ишкердикти өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана жаңы өнөр жай ишканаларына керектүү колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу