Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын туристтик компаниясы менен Ысык-Көлгө жолдомолор боюнча келишимге кол койду

Новости
28-Февраль 2024-ж.
795

2024-жылдын 27-февралында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана комменрция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүнүн Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлү Алмаз Темирбеков ©збекстан Республикасынын «ЖОЛ-САЯКАТ» туристтик компания менен келишимге кол койду. Кол коюлган келишимге ылайык, Өзбекстан Республикасынын 500дөн ашык жараны Ысык-Көлгө жайкы эс алууга барышат.

Өзүнүн кайталангыс жаратылышы жана кереметтүү пейзажы менен Ысык-Көл дүйнө жүзүндөгү миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат. Бул Өзбекстан Республикасынын жашоочулары үчүн Кыргызстандын кооздугунан ырахат алуу жана эс алуусун ар түрдүү кылуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.

Бул Макулдашуунун түзүлүшү туризмди өнүктүрүүдөгү кадам гана эмес, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамилелердин, ошондой эле туризм индустриясы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана эки өлкөнүн ортосундагы маданий алмашууну бекемдөөнүн ырастоосу болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу