“Бир айыл – бир продукт” Улуттук экономикалык долбоорунун Бренд-комитетинин жыйыны Ош облусунда өттү

Новости
27-Февраль 2024-ж.
833

2024-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Региондор аралык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен бирдикте “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоорунун Бренд комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы “Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору жөнүндө” Жарлыгын жана Улуттук экономикалык долбоордун иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга чейинки буйругу менен бекитилген «БАБП» бренддик комитети Ош облусунун катышуучу ишкерлери менен жыйын өткөрүп, анда иштелип чыккан БАБП продукциялары көрсөтүлдү.

Бренддик комитеттин жыйынынын негизги максаты - адамдарды ишкерликке кызыктыруу, жергиликтүү аймактык продукциянын имиджин жана брендин түзүүгө жардам берүү.

Бренддик комитеттин жыйынында жергиликтүү ресурстарды колдонуу менен өндүрүлгөн 5 продукция тандалып алынып, жыйынтыгында Ош-Брендинин БАБП сертификаттары ыйгарылды.

Ош брендин алган продукциялардын тизмеси:

- Жемиштер жана жаңгактар – Турдумаматов Бакыт;

- Жемиштер жана жаңгактар менен печенье – «Адеми» кондитердик цехи;

- Бал кошулган лимон нектары – «Тепе-Коргон татымы» кайра иштетүүчү цехи;

- Лимон ширеси (100%) – «Тепе-Коргон татымы» кайра иштетүү цехи;

- Айва менен алма ширеси - Салибай кызы Уулкан;

- «Курманжан Датка» балы – «Алай Тоо Асели» кооперативи;

- Нокот печенье – Раатбек кызы Айгерим;

- Курма уксусу - Абдуллаева Хуриятхан;

- Жыгачтан жасалган кол өнөрчүлүк - "Wood Atelier" жыгач студиясы;

- Таттуу жаңгак – Орозбеков Элчибек.

Бренд комитетинин кезектеги жыйыны 2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында өтөт.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары С.Исмановдун төрагалыгы алдында Чүй облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Айыл калкын бизнеске тартуу, “Бир айыл – бир продукт” долбоорун колдонуу менен кичи бизнеске көмөк көрсөтүү аркылуу жумушсуздук маселесин чечүү максатында Чүй облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин жыйынында БАБП долбоорунун алкагында 1 млн 600 миң сомго 3 ишкердин айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү долбоору жакты

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу