Басма сөз билдирүү: Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бизнес-форум өтөт

Новости
27-Февраль 2024-ж.
969

2024-жылдын 28-февралында саат 09:00 Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы ишкердик мамилелерди чыңдоо жана активдештирүү максатында Бишкек шаарында, Novotel Bishkek City Center мейманканасында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Бизнес-форум өткөрүлөт.

Форум түрк инвестициясын тартууга, экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана кыргыз продукциясынын Түркия Республикасынын рыногуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Иш-чара эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы байланыштарды түзүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуу үчүн эффективдүү аянтча болоору күтүлүүдө.

Форумдун программасына Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлордун презентациялары кирет. Тактап айтканда, алар инвестиция тартууга даяр инновациялык долбоорлор аркылуу көрсөтүлөт.

Продукциялардын көргөзмөсүнүн алкагында ата мекендик компаниялар өз продукцияларын тартуулашат. Катышуучулар продукциялар менен түздөн-түз таанышып, демонстрацияларга катыша алышат жана мындан аркы кызматташуу үчүн потенциалдуу өнөктөштөрдү таба алышат.

ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо үчүн телефондор: 0550900130, 0704694644, 0707667183.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу